ЕАЭБдин өкмөт башчылары Ереванда тар чөйрөдө эмнени талкуулашууда?

30 апреля 2019 14:52 1087 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 30-апрелде Ереванда Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтүп жатат. 

Азыркы учурда Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын, Армениянын жана Белорусиянын өкмөт башчылары тар форматта сегиз маселени талкуулап жатышат.Бул тууралуу окуя болгон жерден Barometr.kgнин саясий баяндамачысы кабарлады.   

Жыйындын жүрүшүндө Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегия төрагасы Тигран Саркисян тар форматта төмөнкү сегиз суроону талкуулоону сунуш кылды.

“Баардыгы болуп жыйындын күн тартибинде 13 суроо каралат. Тар форматта 8 суроону талкуулоону күтүп жатабыз”,-деп сунуштады Саркисян.

Андан кийин ЕАЭБдин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары жыйынды басма сөздөн жабык режимде өткөрүүнү сунуш кылышты.

Азыркы учурда ЕАКтин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары тар форматта талкуулап жаткан маселелердин тизмеги:

“Евразиялык өнөр жай кооперацияларынын субконтрациясы жана технология трансферлери”

"Россиянын аткаруу бийлиги менен Армениянын чарбалык субъектилеринин жана Россиянын чарбалык субъектилери менен  Армениянын аткаруу бийлигинин өз ара маалыматтык аракетинде электрондук кол тамганын улуттук криптографиялык стандарттарын  колдонуу жөнүндө”   

“Рыноктун функциясынын алкагында ЕАЭБдге мүчө-мамлекеттердин жумушун жоюунун жүрүшү жөнүндө” жана башка маселелер.

Ссылка: https://barometr.kg/eaebdin-kmt-bashchylary-erevanda-tar-chjrd-emneni-talkuulajt



Добавить комментарий