ЕАЭБдин алкагында эл аралык келишимдерди кыргызча которо турчу мекеме аныкталды
Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында эл аралык келишимдерди кыргыз тилине которуу боюнча кызмат көрсөтүү үчүн өткөрүлгөн сынакты «Кыргыздипсервис» мамлекеттик ишканасы утуп алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында эл аралык келишимдерди кыргыз тилине которуу боюнча кызмат көрсөтүү үчүн тандоону уюштуруу үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлгөн.
Сынакка эки ишкана арыз берген, алар: «Кыргыздипсервис» дипломатиялык сервиси мамлекеттик ишканасы менен «Типография» мамлекеттик ишканасы.
Бекитилген тандоо критерийлерине ылайык, сынак комиссиясы талапкерлердин топтогон баллынын негизинде жеңүүчү деп «Кыргыздипсервис» мамлекеттик ишканасын тапкан.
Добавить комментарий ×