Эң радиоактивдүү делген смартфондор аныкталды

17 мая 2019 15:54 1746 Barometr
Поделиться в:
ok

Смартфондордун кооптулуугу тууралуу сөздөр токтобойт окшойт. Бүгүнкү күндө смартфон колдонуучулардын көптөрү түзүмдөн чыга турган нурларга тычысданышат. Андан улам күн сайын телефон колдонуудан зыяндары тууралуу суроолор келип чыгат. «Statista» эксперттеринин ишинин жыйынтыгында бул көйгөйгө жооп табылгандай болду.

 Айрым окумуштуулар смартфондор зыян экенин, адам өмүрүнө корунуч туудурарын айтып жатышат. Ошол эле мезгилде гаджеттердин зыяны жок экенин ишенимдүү түрдө айткандар бар. Бул талаш эч кандай жыйынтык бере элек. Андан улам акылдуу телефон чыгарган ар бир өндүрүүчүдөн түзүмдүн кутусуна көрсөтмө жазуу талап кылынды. Ошол маалыматардын негизинде Statista» аналитикалык компаниясынын адистери 16 популярдуу смартфондордун үлгүсү боюнча рейтингин чыгарган. Көрсөткүчтөр чынында кызыктуу. Анда эң зыяндуу деп табылган Xiaomi Mi A1 бөлүп чыккан чыккан нуру бир килограммга 1,75 ватт деп жазылып турат. Экинчи орунга OnePlus 5T (бир килограммга 1,68 ватт), үчүнчү орунда кайрадан эле тааныш марканын башка модели Xiaomi Mi Max 3 (бир килограммга 1,58 ватт) аппараты турат.




Ссылка: https://barometr.kg/e-radioaktivd-delgen-smartfondor-ataldy



Добавить комментарий