Эльмира Джумалиева: “Азаттык” партиясы курулай сөз, убада берүүгө каршыбыз

25 ноября 2021 10:46 Barometr
Поделиться в:
ok

“Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эльмира Джумалиева эмне үчүн аталган партияны тандап алганы тууралуу пикирин бөлүштү.

"Урматтуу талапкерлер! Мен эмнеге “Азаттык” партиясын тандадым?
Биринчиден, партиянын негизги багыты, программасы жакты. Курулай сөз, убада берүүгө каршы. Кудай буйруп парламентке өтүп калсак, биз аткара алчу иш-чаралар камтылган.

Экинчиден, ал программалардын аткарылышынын механизмдерин билген билимдүү, кесипкөйлөр топтолгон. Айтканы менен жасаганы дал келген, элдин ишенимин актай ала турган инсандар.

Үчүнчүдөн, партиянын курамы тажрыйбасы мол, эли-журтка ак кызматы менен таанылган, иштин көзүн билген улуу муундун өкүлдөрү, талыкпай иштей ала турган иш билги орто муун, креативдүү, идеяга бай жаш уул-кыздардан турган команда чогулган.

Партияда ар тармактын өкүлдөрү топтолгон. Коомдун агаруучулары эсептелген мугалимдер, илимий кызматкерлер, экономикабыздын акыбалын оңдой ала турган күчтүү экономисттер, укук коргоо органдарында эмгектенген юристтер, кыргыз маданиятынын өкүлдөрү, бышыктап айтканда кайсыл ишти жасабасын майын чыгара жасаган эптүүлөр бар!
Эгерде эл ишенип бизди колдоп берсе биз Сиздердин ишеничти сөзсүз актайбыз",-деди Эльмира Джумалиева.

Эскерте кетсек, 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо болот. “Азаттык” саясий партиясы шайлоо тизмесинде №10 катар номери менен катышууда.Эльмира Джумалиева үчүн партиянын тизмесинде 12-номер менен добуш берсеңиз болот. 

 Даярдалды: Barometr.kg. 1 нуска, 25.11.2021-жыл, “Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясы тапшырык берген.

“Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражатынан партиянын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Токтосунова Гүлира Базаровна тарабынан төлөндү.
(03.09.2021-жылдагы №34 каттоо күбөлүгү) 

 

Ссылка: https://barometr.kg/dzhumalieva-elmira-azattyk-partiyasynan-talapker-kurulaj-sz-ubada-berg-karshybyz



Добавить комментарий