Джек Ма Tesla электромобилдерине атаандаш боло турган унааларды чыгара баштайт

16 января 2021 12:31 2793 Barometr
Поделиться в:
ok

Миллиардер Джек Мага таандык IT гиганты Alibaba, Кытайдын SAIC Motor мамлекеттик автоунаа чыгаруучу компаниясы жана Шанхай инвестициялык фонду менен биргеликте биринчи электромобилин тааныштырды. Америкалык Tesla электромобилинин атаандашы зымсыз аккумулятордук кубаттоону колдойт жана бир жолу кубаттоо менен 1 000 чакырымга чейин жүрө алат. Бул тууралуу Popular Mechanicsке шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Алп компаниялар электр унааларын өндүрүү үчүн Zhiji Auto брендин түзүшкөн. Жаңы өндүрүүчүнүн онлайн бет ачарында эки модель көрсөтүлдү.  Азырынча аты аталбаган кроссовер, кийинчерээк өндүрүшкө чыга баштайт жана 2022-жылдан баштап сатыкка чыгарууну пландоодо. Алар IM (Intelligence in Motion) брендин алышкан.

Унаага жалпы кубаттуулугу 544 аттын күчүнө ээ болгон эки электр кыймылдаткычы орнотулат.

Биринчи унаалар  IM үчүн эки батарея жарыяланган  93 жана 115 киловатт-сааттык. 115 киловатт-сааттык батареясы бар автоно кеминде 870 километрди түзүшү керек, ал эми 11 киловатт үчүн индукциялык кубаттоо батареядагы энергияны саатына 70-80 чакырымга толуктап турушу керек.

Унаанын ичинде 39 дюймдук санариптик аспаптар панелине жана электромобилдин майда функцияларын көзөмөлдөө үчүн 12,8 дюймдук экранга ээ. IM седанынын өзгөчөлүгү, алдыңкы айнектин үстүнө орнотулган Carlog видеорегистратору болот анын курамында 180 градустук каптоочу, 4K разряддагы жана жай кыймыл колдогон үч камера бар.

Бул автоунаа биринчи кезекте Tesla Model S менен, ошондой эле кийинки жылы рынокко чыга турган жаңы электр седаны Nio ET7 менен атаандаш болот. 

Ссылка: https://barometr.kg/dzhek-manyn-alibaba-kompaniyasy-tesla-elektromobilderine-ataandash-bolo-turgan-unaalardy-chygara-bashtajt



Добавить комментарий