Джангарачева: “Күнѳѳсүз жарандардын кан тѳгүлүүсү политсоветтин абийиринде”
Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору Мира Джангарачева фейсбук баракчасында “Апрель” телеканылынын жетекчиси Дмитрий Ложниковго, президенттик аппараттын мурдакы жетекчиси Фарид Ниязовго, Абдил Сегизбаевге кайрылуу жазды. Анда жогорудагы адамдарды сотко берүүнү ойлонуп жатканын кабарлады.
«Бир айдан бери унчукпай чыдап келе жатам. Силерди маанилүү иштер менен алектенет деп ойлойм. Мени Трамп жана Путин менен кучакташып, чай ичишет,алар менен телефон аркылуу сүйлѳшѳт жана аларга дагы буйрук берип жатат деген жалаа жабуу эле калды. Саясаттан эчек кеткен адамдын менин акциямды кѳтѳрүп койдуңар. Мени менен алектенип жатканыңарга таң калам, же башка эч ким жок калдыбы?»,- деди Джангарачева
Ал 3-4ай мурда эле Атамбаев жана Кой-Таш боюнча ѳзүнүн ойун айтканын баса белгиледи.
«Эмнеге ошондо эле силердин политсовет силердин баш аламандык жана мыйзамсыздыгыңар жѳнүндѳ, таштарды ташыганды, жолдорду тозгонду ойлогон жок беле? Баса, баардык менин божомолдорум туура келди. Бирок мыкаачылык күнѳѳсүз жандардын кан тѳгүүсү менен коштолду. Бул нерселердин баары ѳлүп бара жаткан партиянын политсоветинин абийиринде»,-деп бас белгиледи ал.
Ал кир оюндарды фото жана видеомонтаждарды таратуутуну токтотууларын талап кылды.
Токтобосо, ѳзүнүн ар намысын коргоо үчүн сотко кайрыларын айтты.
Эске салсак, СДПК партиясы ИИМ жана Башкы прокуратурага соцтармакта тараган аудиоү боюнча аудио үндү чын тѳгүнүн текшерүүнү суранган.
Аудиоүндѳ аял (болжол менен Джангарачева) сурайт: «Ал шаарга келип, баарыңарды жок кылмайынча күтүп тура бересиңерби? Ал итти ошол жерден атып сала албайсыңарбы?»,- деп сурайт аялдын үнү
Мүчѳлѳр бул нерсени ѳлтүрүүгѳ түрткү болгонун айтышат. «Апрель» телеканалынын сайтында ИИМ жана Башкы прокуратурага ачык кайрылуу жарыялашкан.
Анда экѳѳнүн сүйлѳшүүсүн текшерип, аныктоону суранган.
Ссылка: https://barometr.kg/dzhangaracheva-knsz-zharandardyn-kan-tgls-politsovettin-abijirinde
Добавить комментарий ×