Кара-Кече автожолуна түшкөн таштар толугу менен тазаланды (Сүрөт)

3 сентября 2020 12:32 829 Barometr
Поделиться в:
ok

Дыйкан-Кара-Кече автожолуна түшкөн таштар толугу менен тазаланды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматыеа таянып "Барометр" билдирет. 

2020-жылдын 16-август күнү Жумгал районунун Дыйкан-Кара-Кече автожолунун 37-чакырымында тоо беттеринен таш кулоо активдешип жол каттамдын 500 метр аралыгын жаап, болжол менен 300 000 (м3) таш массасы тушкөн. 

Түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу жана күз-кыш мезгилине даярдыкты көрүү мерчеминин үзгүлтүккө учуратпаш үчүн, КР ӨКМнин Нарын облусу боюнча башкармалыгыг тарабынан 3000 литр дизелдик күйүүчү май бөлүнүп берилген. 

Жумгал районунун ДЭП №24 жол тейлөө ишканасы тарабынан 3 инженердик техника, Кара-Кече көмүр ишканасынан дизелдик күйүүчү май жана 7 даана инженердик техникалар жана 15 жумушчу тартылган. Жыйынтыгында 1,200 метр автоунаа жолу курулуп жол каттамы эки тараптуу ачылган. Мындан тышкары 8 даана электр зым тиректери орнотулуп 400 метр аба чубалгысы тартылып элетр энергия менен касыздалды.

Ссылка: https://barometr.kg/dyjkan-kara-keche-avtozholuna-tshkn-tashtar-tolugu-menen-tazalandy-srt



Добавить комментарий