Дубайдын өкүмдарынын аялы миллиондогон долларларды уурдап Германияга качып кетти
Бириккен Араб эмираттарынын (БАЭ) премьер-министри жана Дубайдын өкүмдары шейх Мохаммед ибн Рашид Аль Мактумдун жубайы 40 миллион долларды алып Германияга качып кетти. Бул тууралуу The Sun кабарлады.
Принцесса Хайя бинт аль-Хусейн 11 жаштагы кызын жана 7 жаштагы уулун алып кеткен. Германияга барары менен ханыша күйөөсүн эл аралык сотко берип ажырашууну талап кылууда.
Анын качып кетүүсүнө байланыштуу Германия менен Бириккен Араб эмирликтеринин ортосунда чыныгы дипломатиялык кризис келип чыкты. БАЭ Берлинден аялды балдары менен берүүнү талап кылууда. Бирок Германия аны берүүдөн баш тартты.
Эскерте кетсек, принцесса Хайя бинт аль-Хусейн Иорданиянын азыркы падышасы Абдалланын карындашы болуп саналат.
Добавить комментарий ×