Дубайда жана Абу-Дабиде жарылуу болуп, азиат улутундагы адам каза болду
Дубайда жана Бириккен Араб Эмирлигинде 31-август күнү эки жарылуу болду. Бул тууралуу чет элдик басылмаларга шилтеме берип “Барометр” которду.
Маалыматка ылайык, Дубайдын International City районунда көп кабаттуу имараттан газ балон жарылган. Алдын ала маалыматта, окуя болгон учурда ресторандын ичиндеги азиат улутундагы бир адам каза болгон.
Көп кабаттуу имараттын жашоочулары өрт башталганда өз убагында убактылуу эвакуацияланды.
Ошол эле күнү Абу-Дабинин шейх Рашида бен Саида көчөсүндө жайгашкан Hardee тез тамактанчу жайдан жарылуу болуп, эки адам каза болду. Имарат толук урап калган. Жанындагы дүкөн да жабыркаган.
Абу-Дабинин күч органдары жарылууну газ балонду туура эмес орнотуунун себебинен келип чыкканын айтышты.
Добавить комментарий ×