ДССУ: Вакциналар жакыр өлкөлөргө жетпей калып жатат
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус вакциналарды бай жана жакыр өлкөлөрдүн ортосунда бирдей эмес бөлүштүрүлүшүнөн улам дүйнө моралдык катастрофанын босогосунда турат деп эсептейт. Бул тууралуу ДССУнун сайтына жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
"Вакциналарды дүйнөнүн жакыр өлкөлөрү сатып алууга каражаттары жетпейт. Вакцинанын 39 миллиондон ашык дозасы кеминде 49 эң бай өлкөлөргө таратылды. Ал эми, жакыр өлкөлөргө 25 дозасы гана жетти. Жыйырма беш миллион же жыйырма беш миң эмес, болгону, жыйырма беш доза гана алды жакыр өлкөлөр", - деди ДССУнун башчысы маалымат жыйынында.
Гебрейесус вакциналар акыры баарына жетиштүү болот деген ишенимин билдирди.
Ошого карабастан, учурда, ДССУнун башчысынын айтымында, өлкөлөр "чоң үй-бүлөдөй" биригип иштей башташы керек жана жашаган жерине карабастан, олуттуу ооруга жана өлүм алдында жаткан адамдарга артыкчылык берилип, вакциналарды биринчилерден болуп алышы керек.
ДССУнун акыркы маалыматтары боюнча дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 93 миллиондон ашты. Пандемия башталган убакыттын ичинде эки миллиондон ашуун адам каза болду.
Ссылка: https://barometr.kg/dssu-vakcinalar-zhakyr-lklrg-zhetpej-kalyp-zhatat
Добавить комментарий ×