ДССУ: Ар бир бешинчи эркек жана ар бир алтынчы аял сөзсүз ракка чалдыгат

3 февраля 2021 14:25 536 Barometr
Поделиться в:
ok

Планетанын ар бир бешинчи жашоочусу эртеби-кечпи рак илдетине чалдыгат. Ар бир сегизинчи эркек жана ар бир он биринчи аял ушул оорудан көз жумат. Рак менен байланышкан өлүмдүн 70% аз жана орто кирешелүү өлкөлөрдө болот. Бул тууралуу ДССУнун сайтына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

"Чындыгында рак мурунтан эле ар бир үй-бүлө үчүн көйгөй болуп келет", - деди ДССУнун өкүлү Андре Ильбави.

"Рак дүйнөдөгү өлүмдүн экинчи себеби болуп калды", - деп кошумчалады ал. Биринчи кезекте, ДССУнун маалыматы боюнча, жүрөк-кан тамыр оорулары.

2020-жылы, ДССУнун эксперттеринин айтымында, 19,3 миллион адам рак илдетине чалдыккан. Бул оорунун кесепетинен 10 миллион адам көз жумган.

Эң көп кездешкен рак бул эмчек рагы. Андан кийин өпкө рагы, жоон ичеги рагы.

ДССУ рак балдар жана өспүрүмдөр арасындагы өлүмдүн негизги себеби болуп калгандыгын билдирди. Жыл сайын 400 миң балада рак оорусу аныкталат.

Адистер ракты дарылоодо эрте диагноз коюу негизги ролду ойной тургандыгын баса белгилешет. Сапаттуу эрте диагноз коюунун жана дарылоонун жоктугунан, аз жана орто кирешелүү өлкөлөрдө рак илдетинен каза болгондор бай өлкөлөргө караганда кыйла жогору.

Онкологиялык оорулардын саны, ошондой эле рактан улам каза болгондордун саны өсүүдө. ДСУнун маалыматы боюнча, 2040-жылы рак илдетине чалдыккандардын саны 2020-жылга караганда 47 пайызга көп болот. Эң олуттуу өсүштөр кайрадан кирешеси төмөн жана орто өлкөлөрдө болот.

Ссылка: https://barometr.kg/dssu-ar-bir-beshinchi-erkek-zhana-ar-bir-altynchy-ayal-szsz-rakka-chaldygat



Добавить комментарий