Дордой базарынын соодагелери митиннге чыгышты

2 ноября 2020 15:06 985 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте дагы митинг өтүп жатат. Бул тууралуу "Барометр" кабарлайт.

Өкмөт үйүнүн алдында “Дордой” базарында соода кылган ишкерлер митингге чыгып, «Торугарт» чек ара бекетинин ачылышын талап кылууда. Алардын айтымында, аталган өлкөдөн келе жаткан товарларды Кыргызстан өткөрбөй жатат.

“Биз өкмөттөн чек араны ачууну талап кылабыз. Үч айдан бери товарларыбыз чек арадан өтө албай турат. Товарлар Кытайдан чыкканы менен Кыргызстанга киргизбей жатат”, - дейт сатуучулар.

Ссылка: https://barometr.kg/dordoj-bazarynyn-soodageleri-kmtk-naarazy-mitingine-chygyshty



Добавить комментарий