Дональд Трамп: "Эгерде мен ичимдик ичсем, анда дүйнөдөгү эң коркунучтуу адам болмокмун"

3 октября 2018 09:00 1489 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

АКШнын президенти Дональд Трамп 2018-жылдын 1-октябрында болуп өткөн маалыматтык жыйында ичимдик ичсем "дүйнөдөгү эң коркунучтуу адам болмокмун" -деди.

Трамптын спирт ичимдиктерин ичпегендиги белгилүү чындык. Ичимдик ичпөө керек экендигин президент жаш кезинде улуу агасы ичимдиктин айынан каза болгондо түшүнгөн. 

"Мен жөн гана айтып жатам: мен ичпейм. Мен жашоодо бир да жолу "пиво" ичип көргөн эмесмин. Бул менин жакшы мүнөздөрүмдүн бири. Ким сураса да айтаарым: кандай кырдаал болгон күндө да менин жашоомдо бир стакан да ичимдик болбойт. Эгерде мен ичсем анда бул адбан кооптуу болуп, мен эң коркунучтуу адамга айланмакмын" - деди президент маалымат жыйынында. 



Ссылка: https://barometr.kg/donald-tramp-egerde-men-ichimdik-ichsem-anda-djndg-e-korkunuchtuu-adam-bolmokmun



Добавить комментарий