Доллардын курсу 2-3 күндүн ичинде кайрадан турукташат
АКШ долларынын курсу 2-3 күндүн ичинде турукташып, өзүнүн ордуна келет. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маалымат жыйында айтты.
Ал кечээ, 19-мартта, долларга болгон суроо-талап өскөндүктөн интервенция болгонун айтты. Ал өз сөзүндө коммерциялык банктар менен акча алмаштыруу жайларында доллар жетиштүү экенин кошумчалады.
“Азыр паника болуп, доллар сатып алыш керек экен деген ойдон алыс болуш керек. Дүйнөдө нефтинин баасынын түшүшү жана коронавирустан улам өндүрүштөр жайлап, чек аралар жабылгандыктан алардын таасири кыргыз сомуна дагы тийип жатат. Буюрса 2-3 күндүн ичинде доллар бир калыпка түшөт”, — деди ал.
Абдыгулов Кыргызстан доллардын курсунун тездик менен өскөн учурун баштан өткөргөнүн айтып, 2014-2015-жылдары бир доллар 50 сомдон 76 сомго чейин көтөрүлүп, кайта 67 сомго келип токтогонун эске салды.
Эске салсак, 19-мартта кечинде акча алмаштыруу жайлары менен коммерциялык банктар бир доллардын сатыктагы баасын 85 сомго чейин чыгарышкан болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/dollardyn-kursu-2-3-kndn-ichinde-kajradan-turuktashat
Добавить комментарий ×