Документи түшүп калып мүрзөнү кайра ачтырган эркек шумдукка күбө болду
Казакстанда бир нече күн мурда акимчиликте иштеген жигит жакын тууганын жерге берип жаткан кезде капчыгын түшүрүп алган. Анда акчасы жана өтө маанилүү документтери болгон.Ушундан улам мүрзөнү кайра ачтырган жигит таң калыштуу жагдайдын күбөсү болду. Бул тууралуу kyn.kz. булагы кабарлады.
Тууганын жерге берип келген жигит арткы чөнтөгүнө салынган капчыгын жоготуп алганын үйгө келгенде билген.Баарын эстеп отуруп, баардык маанилүү документтери салынган капчыгы мүрзөгө түшүп калганын билген.
Ошондон кийин жигит молдолор менен улуу кишилерден мүрзөнүн кайра ачтырууга уруксат сураган.
Айылдын имамы Аллага жалбарып, кечирим суроо дубасын окуп андан кийин бир нече эркек киши барып, жаңы мүрзөнүн ачат.Бир нече саат мурда коюлган киши колуна жыгач кишен салынган абалында көрдө көзүн жумуп тизелеген абалда турган экен. Молдо келме айтып бир катар дубаларды окуп сөөктү кайра жаткырганда колундагы кишен жок болуп кеткен.
Капчыгын кайтарып алган жигит ушул окуядан соң намаз окуп, дин жолу менен кеткенин kyn.kz. булагы маалымдады.
Ссылка: https://barometr.kg/dokumenti-kalyp-kalyp-mrzn-kajra-achtyrgan-erkek-shumdukka-kb-boldu
Добавить комментарий ×