Тоңдо эки унаа кагышып 4 адам каза болду
Тоңдо эки унаа кагышып, анын кесепетинен 4 адам каза болуп, 2 адам катуу жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кечээ, саат 20:30 чамасында Тоң районундагы Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 48-чакырымында (Шор-Булак айылы) “Хонда-Степвагон” жана “Ауди-100” үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 4 адам (1 жаш кыз жана 3 эркек) каза болуп, 2 эркек адам (1984-жылы туулган, 1983-жылы туулган) жабыркады.
Окуя болгон жерге ӨКМнин Тоң райондук №38 ӨКБдан 4 куткаруучу, ИИМ кызматкерлери, тез жардам кызматы тартылган.
Куткаруучулар каза болгон жарандардын жансыз денелерин унаадан чыгарышып, ИИМнин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ал эми жабыркаган жарандарды тез жардам кызматы райондук ооруканага алып кетти.
Ссылка: https://barometr.kg/do-zhol-kyrsyk-kattaldy-4-adam-kaza-boldu
Добавить комментарий ×