Султанбек Жоошбаев: "Курсан Асановдун жосунсуз жоруктары намыска тийди"

28 августа 2019 10:10 6704 15 Barometr
Поделиться в:
ok

ИИМдин ардагерлер кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев Курсан Асанов жана Кыргызстандагы абалды тууралу пикирин бөлүштү.

Жоошбаев, кимдин ким экени билинип, катарыбыз тазаланды деген оюн билдирди Barometr.kgге.

"Өлкөбүздөгү акыркы окуялар мени көп ойлонтуп, тынчымды алып келет. Ошондон  улам оюмду ортого салып, кесиптештерим менен жеке ой пикиримди бөлүшкүм келди.

Биздин эл байыркы эл болгондуктан, ата бабабыздын бизге калтырып кеткен бай мурасы бар. Ошол мурастарды унутпай, мыйзам катары карманып жашасак эч жаңылбайт элек. Бабалар айтат : “Дөөлөт деген тоголок, тоголонсо жоголот”-дейт, дагы –“Байлык менен бийлик колдун кири,бүгүн болсо эртең жок”- дейт. Ушул акылман сөздөрдү унутуп, бийлик үчүн, байлык үчүн жанталашканда эмне болорун турмуш тумшукка чаап көргөзүп жатат. Экс-президент Алмазбек Атамбаев 6 жыл өлкөнү башкарып көнө түшкөн экен, бийликтен кеткиси келбей, Кой-Ташта жатып алып, өлкөгө дагы деле бийлик жүргүзгүсү келип: “Каалаган күнү ревалюция жасап жиберем!”-деп төшүн кагып туруп алды. Натыйжада 7-8 августагы дүйнөнү дүўгүрөтүп, кыргыз атуулдарын жер караткан окуялар болуп кетти. Бардык күнөөлүлөр өз жазасын алууга тийиш.

Дагы бир жүрөктү өйүп, намыска тийген нерсе генерал Курсан Асановдун жосунсуз жоруктары болуп жатат. Бул тажрыйбалуу милиционердин, билимдүү офицердин 8-августа жасаган иштерин жосунсуз жорук деп мен дагы сыпайыраак айтып жатам. Болбосо кылмыш-жаза кодексин беш колундай билген адам, өзүнө тапшырылган участокту таштап, ээнбаштык менен Министр өзү аткарып жаткан иш чарага жолтоо болуп, Атамбаев менен каадалуу кишиче сүйлөшкөнү, анан ал жердеги далил буюмдарды каалагандай кармалап, бир дагы акыл эстүү милиционер жасабай турган ишти жасап, тергөөнүн ишин татаалатканы абдан жагымсыз иш болуп, милициянын кадырына шек келтирди. 

Биздин кызматтын кадыр баркын көтөрүү, анын эл алдындагы, мамлекет алдындагы абийрин таза сактоо эң маанилүү милдет болуп турган чакта, жогорку чиндеги офицердин бул кылыгын чыкынчылык деп эсептөөгө аргасыз болуп турабыз. Турмуш адамды бийлик мен бир сынаса, байлык менен дагы сынайт. Анан атак даңк деген да чоң сыноо бар. Бул сыноолордон кебелбей өткөндөр бар, Кудай берген ырыскыны көтөрө албай көпкөндөр бар. Адам көпкөндө өзүн жылдыз сезип, көчөгө батпай, жерге батпай чектен чыгып кетип, мүдүрүлөт. Эмнеси  болсо да кыргыз милициясы 7-8 августа дагы бир чоң сыноодон өтүп, чыйралды. Кимдин ким экени билинип, катарыбыз тазаланды. Жаштарга ойлонто турган сабак, тарыхка жазылган өчпөс барак болду. Ардактуу кесиптештер жана мекендештер! Бизди алдыда дагы далай сыноолор, толгон тоскоолдор күтөт. Аларды жеңип өтүү үчүн бизде бекем ынтымак, темирдей тартип, анан мекенибизге жандилден берилгендик зарыл. Бизде мунун баары бар экенине бекем ишенем. Сиздерди келе жаткан эгемендик күнү менен чын дилимден куттуктап, элибиздин коопсуздугун сактоодо силерге арбын ийгиликтерди, бекем ден-соолук жана узун өмүр каалайм".

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/dlt-degen-togolok-togolonso-zhogolot



Добавить комментарий

  • Алжыган акмак
  • Кашкардын куйругуна окшоп калыптырсың уялбайсыңбы.
  • АША-нын убагында оозунду ачпай эине кылып журдун элэ.Курсандын элге кылган кызматын сендейлер тушундо да жасай албайт.анан заматта намыстуу боло калат Ош окуясында кай жакта журдун элэ.
  • Бул полковник дагы кот жалаарлардвн бириго
  • Иман брат туура айтасын,керек маалында таппайсын мындай намыстууларды,бироонукун жалаарда Гана чыга келишет
  • Саткын. Канча акча алдын ушул соз учун. Кудай кор кылсын жалган суйлогондорду. Кашкар барып чечкенге духу жетпейт Анан 3 революцияны токтоткон Асановду которбой кайра жерге киргизип жаткан иш бир эки адамдын эле кызыкчылыгы. Аны эл билип турат.
  • 😂😂😂😂кошоматчыго тазале ким озу бул сад
  • Бириниден Султан мырза Кашкардын жердеши бир айылдан, ал министр болоору менен мунун тили узарып, копчулукко акыл уйрото турган болду. Башка министрлердин убагында куйруун кочугуно кысып, шыйпандап турчу. Ардагерлер кенешинин торагалыгына жетиш учун мурдагы торганын очугун чукулаганын копчулук билбейт. Бул аксакал соройдун эн жаман сапаттарынын бири жеткен трайбалист, тундук менен туштуктун элинин ортосуна от жаккандардын бири.
  • Саламатсызбы! Мен чынында милиция дегендерди жаман коромун. Анткени ушул киши Султанбек Жоошбаев колдон келет кылып 31 жыл мурун ай мончоктой кызды болосуно ала качып берип койгон. Аттин ай азыркы заман болгондо жоопко тартылмак. Менин мамам олор олгучо бул кишиге нааразы болуп кетти. Милиция дегендер ушул кишидей болушса анда милициянын барынан жогу.
  • Акмак, али сот болгон боло элек жатып намыс абийирди сен сатыпсын,дагын ардагер имиш,сендей ак шакалдардын айынан ушул кунго кептелип олтурат олкобуз.
  • Сулайка 5 лет назад
    Алжыган чал акмаксын курсанга окшоп Бир жолу эрдик жасадын беле кошаматчы Олсон абиирин менен олбойсунбу
  • Бардык нерсе ушуга окшогон алжыган калыс созун айта албаган каарыларыбыздан чыгып жатат
  • Майрамкан 5 лет назад
    Ушул киши кантип иштеп журду экен Акмак.
  • Тушку жомокторду айтпай эле койсо жамандыр Курсан туура иш жазады ал болбосо аттышуу болмок Кудай сактады канча Апа коз Жаш тогулот эле
  • Бул чалдын баласы милицияда иштейт министр Кашкардын жердеши ошол кишиге падхалим жазап жатат баласын жакшы жумушка орноштурганга