ДКО-2018: Эр эңиш боюнча кыргызстандыктар 5 алтын утту

7 сентября 2018 21:10 1369 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 7-сентябрда Көчмөндөр оюндарында эр эңиш боюнча бардык алтын медалдарды кыргызстандыктар багындырды. Мелдештер бүгүн Чолпон-Ата ипподромунда 5 салмак категориясында өттү. 12 мамлекеттен келген 40 спортчу күч сынашты. Алтын медалдар Кыргызстандын капчыгында.  

Ал эми экинчи орунда Казакстан курамасы, үчүнчүнү Монголия менен Россия курамалары тең бөлүштү. 

Эске салсак, буга чейин кыргызстандыктар кыргыз күрөшү боюнча дагы бардык алтындарды ээлеген болчу. Белгилей кетсек, Көчмөндөр оюндары эртең 8-сентябрда аяктайт.

Ссылка: https://barometr.kg/dko-2018-er-eish-boyuncha-kyrgyzstandyktar-5-altyn-uttu



Добавить комментарий