Ново-Павловкада дүкөнгө ууруга кирген жигит терезеге тыгылып калды

30 апрель 2019 10:39 1636 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ново-Павловка айылында дүкөндөрдүн бирине уурулукка кирген кезде терезеге тыгылып калган жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй областынын ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.  

19-апрелде участкалык милиция тарабынан Ново-Павловка айылында азык-түлүк саткан дүкөндө уурулук кылып жактан маалда анын кичинекей терезесине тыгылып калган жаш өспүрүм кармалды.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш Кодексинин 39-200-беренеси “уурулук кылуу” боюнча катталды.

Андан аркы тергөөнүн жүрүшүндө 16 жаштагы А. Т жана 15 жаштагы А. Т. кармалды.

Милиция кызматкерлери тарабынан алардын буга окшогон кылмыштарга тиешеси жокпу такталып жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/dkng-uuruga-kirgen-zhigit-terezege-tygylyp-kaldy



Добавить комментарий