Дүкөнгө шашпай кирип, кыдырып чыгышты. Эки кемчет тууралуу кызыктуу видео тарады

3 декабрь 2018 11:41 3621 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Америкадагы Массачусетс штатында эки кемчет шашпай дүкөнгө кирип келип, товарларды карап чыгышкан. Алардын мындай кыймыл-аракеттерин дүкөндөгү камера тартып калган. Видеодо көрүнүп тургандай, алардын бирөөсү өзүнө эч нерсе таппагандыктан бат эле чыгып кеткен. Экинчиси көпкө шашпай кыдырган. Элдер дагы тийишпей аларды жайына койгон дагы, кадырлуу конок катары узатып коюшкан. 

Кемчет деген эмне? "Кемчет" өтө кызык айбан. Бул жандыктын орусча аталышы "Бобёр". Өзөн сууларды бууп, кадимкидей плотина курган, токойго арык казып суу алып барган, жоон дарактарды араа-балтасыз кыйган, өзүнө турак үй (ийин) салган мындай бир да жаныбар жок. Кемчеттердин чырпыктан чебердик менен куруп, ылай менен аябай бүтөп, чыптаган плотинасын өзөндөгү ташкын да буза албайт. 

Кемчеттер ийинде кыштап чыгышат, ал эми жазында кичинекей кемчеттер туулат.

Алар экөө, үчөө, кээде гана бешөө болот. Кемчеттин бир эле баласы да болушу мүмкүн. Күзгө чейин алар чоңоюп, көбөйө түшкөн эмгекчил үй-бүлө плотинаны жапырт оңдошуп, үйдү тартипке келтиришет. Жаңы арык казып, кышкы азыгын камдашат. Кичинекей кемчеттер экиге толгондо өз алдынча саякатка чыгышып, өз турагы үчүн ыңгайлуу жер издеп табышат.

Ссылка: https://barometr.kg/dkng-shashpaj-kirip-kydyryp-chygyshty-eki-kemchet-tuuraluu-kyzyktuu-video-tarady



Добавить комментарий