Дүйшөн Байдөбөтов о дүйнө салды. Султан Раев: Каркыралар кайда учасыңар?
Кыргыз Эл артисти, театр жана кино актеру Дүйшөнбек Байдөбөтов 7-июль күнү дүйнө салды. Кыргыз маданиятындагы мындай жоготуу бул тармактагы чыгармачыл инсандар үчүн гана эмес, бардык театр сүйүүчүлөрүн кайгыга салды. Буга байланыштуу, инсандын элесине арналган билдирүүсүн жазуучу, драматург, коомдук ишмер Султан Раев өзүнүн социалдык баракчасына жарыялады. Анда мындай деп жазылат:
"Каркыралар кайда учасыңар?
Бу суук кабар эрте менен келди. Дүйшөн Байдөбөтов о дүйнө салып кетиптир. Уктум. Дене боюму аптаптуу күндүн ызагардуу суугу аралап кеткен абалда калдым. Кайран киши...кайран киши... Дүкөмдүн аалам баткан жүрөгүнө дүк-дүк соккон дабыш батпай, өмүрдүн не бир ирмеми батпай, жашоонун илеби батпай... согушун токтотту... Эстедим. Эсиме Дүкөмүн мукамдуу созгон каркыралары, бир кырка тизилип учуп бараткан каркыралары келди. Ошол каркыралардын сабына Дүкөмдүн жаны кошулду. Бул каркыралар түбөлүктүүлүктүн, түпсүз дүйнөнүн, актыгы үзүлбөгөн акыреттин, жалгандан чындыктын ааламына, азиреттин ааламына учуп баратты...
Уккан адамдын. Эстеген адамдын. Көкүрөгүндө Дүкөмдүн элеси орун алган адамдар... жашоонун ирмемин артка буруп... а киши жөнүндөгү миллион элестин, кайкып учкан каркырадай болгон, көзгө илинип, илинбеген элесин эстеп... көкүрөктөн эскерүүнүн көк түтүнүн чыгарып алсак керек. Дүкөмдү эн оболу адам катары эстедим. Ак көңүл. Дүйнөсундө акшактын кыпынындай кири жок. Пакиза. Адамдыгын эстедим. Дүкөм алдынан чыккан балага да, периштедей болгон секелек кызга да, кексе абышкага да, айтор адам аттуунун баарына мээрим төгүп, алардын баарына жан дүйнөсүнөн орун берип...ар биринин акыбалын, ар биринин саламаттыгын сурап чыгар эле. Жүрөгү тоодой бийик, тоо гүлүндөй назик. Эч бир адамга кара санабаган. Эч бир адамга жаман сүйлөбөгөн. Адам нуру жүзундө чайылып турган өзгөчө бир жан эле. Жан эле... Өкүндүрөт ушул сөз. Өкунгөнүбүз ошол өтмүштүн колуна берип жатканыбызда. Жакшы адамдын өмүрү кыска. Кыскасы, жакшынын жашоосу... чындыкта уланат...
Көкүрөк туюмубуздагы... каркыралар узун сап болуп учуп барат... Бул ырды бир кездерде кайра жаралгыс - зор талант Мукамбет Токтобаев чыгарган эле...Ал азыр ошо каркыра саптын башында. Бүгүн ошол каркыралардын сабына Дүкө сиз кошулдуңуз...
Каркыралар кайда учасыңар?..
...кайда учасынар?..
Бул суроо жүрөктөгү обондой созулуп турат. Ал обонду ар бир жүрөккө сиз салып кеттиңиз, Дүкө...
Кайда учасыңар, каркыралар?"
Ссылка: https://barometr.kg/djshn-bajdbtov-o-djn-saldy-sultan-raev-karkyralar-kajda-uchasyar
Добавить комментарий ×