Дүйнөнүн эң мыкты футболчусу "Реал Мадрид" менен келишимин узартты
Испаниянын "Реал Мадрид" клубунун жарым коргоочусу Лука Модрич команда курамында ойноо боюнча келишимин узартты. Бул тууралуу Испаниялык marca маалымат булагы жазды. Марсанын кабарлашынча, тараптар келишимди 2021-жылдын жай айына чейин узартты. Эми 2018-жылдагы Алтын Топтун ээси Модрич 36 жашка чыкканга чейин Падышалык клубдун катарында ойнойт.
Модрич Англиянын "Тоттенхэм" клубунан 2012-жылы «Реалдын» сабына өткөн. Хорватиялык жарым коргоочунун Реал менен болгон буга чейинки келишими 2020-жылдын жай айында аяктамак.
Буга чейин айтылгандай, Реалдын президенти Флорентино Перес Лука Модрич футболдук карьерасын Реалдан жыйынтыктаарын каалаганын, бул үчүн клуб анын маянасын жогорулатаарын айткан.
Ссылка: https://barometr.kg/djnnn-e-mykty-futbolchusu-real-madrid-menen-kelishmin-uzartty
Добавить комментарий ×