Дүйнөнүн эң кымбат футболчуларынын катарына Криштиану Роналду кирбей калды

7 января 2021 12:09 961 Barometr
Поделиться в:
ok

Эл аралык спорт изилдөө борбору (CIES Football Observatory) Европанын алдыңкы беш лигасында ойногон эң кымбат футболчулардын рейтингин жарыялады. Бул тууралуу Daily Mail басылмасына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Рейтингде биринчи орунду "Манчестер Юнайтеддин" чабуулчусу Маркус Рэшфорд ээледи. Ал 165,6 миллион еврого бааланган. Анын артында Норвегиялык "Боруссинин" оюнчусу Эрлинг Холланд (152 миллион евро) турат. Алдыңкы үчтүктү "Ливерпульдун" коргоочусу Трент Александр-Арнольд (151,6 миллион евро) жыйынтыктайт.

Дүйнөгө таанымал атактуу оюнчулар жаш жылдыздардан олуттуу түрдө төмөн экендигин белгилей кетүү керек. Мисалы, Лионель Месси тизмеде 97-орунда гана турат. Анын баасы 54 миллион еврого бааланган. Ал арада "Ювентустун" чабуулчусу Криштиану Роналду жана “Пари Сен-Жермендин” (ПСЖ) чабуулчусу жана жарым коргоочусу Неймар мыкты 100дүктүн катарына кире алган жок.

Эң баалуу 10 оюнчунун катарына “Боруссинин” оюнчусу Джейдон Санчо (148,3 миллион евро), "Атлетикодон" Джоау Фелиш (141,5 миллион евро), "Бавариядан" Альфонсо Дэвис (139,2 миллион евро) кирди. “Манчестер Ситиден” Рахим Стерлинг (€ 136,9 млн) жана "Челсиден" Кай Хаверц  (€ 136 млн) кирди.  

Толук тизме менен ушул шилтемеден таанышсаңыз болот.

Ссылка: https://barometr.kg/djnnn-e-kymbat-futbolchularynyn-kataryna-krishtianu-ronaldu-kirbej-kaldy



Добавить комментарий