Дүйнөгө курал-жарак саткан негизги экспортерлор аталды

9 марта 2020 09:58 854 Barometr
Поделиться в:
ok

2010-2014-жылдарга салыштырмалуу 2015-2019-жылдары дүйнөдө курал жарак-сатуу 5,5 пайызга өскөн. Дүйнөнү курал менен камсыздаган негизги мамлекеттер болуп мурдагыдай эле АКШ менен Россия эсептелет. Бул тууралуу дүйнөнүн көйгөйүн изилдеген Стокгольм эл аралык институтунун изилдөөсүндө айтылат.

Докладга ылайык, аскердик жабдууларды экспорттоо боюнча АКШнын үлүшү 36 пайызды түзөт. Ал эми Россияныкы 21 пайыз. Ошол эле маалда Россиянын куралдарын 47 мамлекет сатып алган. Алар негизинен Индия, Кытай жана Алжир мамлекеттери.

Акыркы беш жылда АКШнын аскердик жабдууларды экспорттоо көлөмү 23 пайызга көбөйүп, жалпы көлөмдүн 36 пайызын түзөт. АКШ өз продукциясын 96 мамлекетке сатат, негизинен алар Жакынкы Чыгыш мамлекеттери.

Андан сырткары 2015-2019-жылдар аралыгында Франция менен Германиянын дагы аскердик жабдууларды сатуусу өсүп, 7,9 пайыз жана 5,8 пайызды түзгөн.

Алдыңкы бештикти Кытай жыйынтыктайт. Бул мамлекеттин курал-жаракты экспорттоосу 5,5 пайызды түзөт.

Изилдөө боюнча акыркы беш жылда курал-жаракты көп сатып алгандардын сап башында Эр-Рияд, Индия жана Египет турат.

Ссылка: https://barometr.kg/djng-kural-zharak-satkan-negizgi-eksporterlor-ataldy



Добавить комментарий