Дүйнөдө коронавирус 60 миңдей кишинин өмүрүн алды
Поделиться в:
Акыркы маалымат боюнча жер шарында коронавирус 58 756 кишинин өмүрүн алды. Ошол эле маалда оору 1 миллион 94 миң 99 кишиге жукканы тастыкталды. Ал эми 225 563 киши оорудан айыккан.
Вирус жуккандардын саны боюнча АКШ (273 880) алдыңкы орунда болсо, каза болгондордун саны боюнча Италия (14 681) алдыда.
Европанын бир катар мамлекеттеринде коронавирус пандемиясы күч алып жатат. Атап айтканда оору жуккандар менен каза болгондордун саны күн санап өсүүдө.
Кыргызстанда акыркы маалымат боюнча вирус 130 кишиден табылган. Оорудан бир киши каза болсо, алты киши илдетти жеңип, ооруканадан чыкты.
Ссылка: https://barometr.kg/djndn-koronavirus-60-midej-kishinin-mrn-aldy
Добавить комментарий ×