Кыргызстандыктар быйыл Ажы жана Умра сапарына бара алышпайт

24 июня 2020 11:25 1758 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандыктар быйыл Ажылык сапарга бара алышпайт. Бул тууралуу “Барометрге” Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы маалымдайт.

Бүгүнкү күндө Коронавирус инфекциясы менен дүйнөнүн миллиондогон адамдары жабыркагандыгына байланыштуу Сауд Араб Падышачылыгынын Ажылык жана Умра министрлиги кооптуулукту алдын алуу максатында, 2020-жылы боло турган Ажылык сапары бир гана Сауд Арабияда жашаган ар кандай улуттардын каалоочуларына бардык коопсуздук эрежелерин сактоо менен гана өткөрүлөөрүн, Ажы жана Умра сапарына сырттан келүүчүлөргө пандемияга байланыштуу быйылкы Ажылык сапары болбойт.

«Сауд Араб Падышачылыгынын Ажылык жана Умра министрлиги эки ыйык мечитте ар жылы миллиондогон Ажыларды жана Умрачыларды тейлөөнү чоң сыймык деп эсептейт жана бул чыгарылган чечим зыяратчылардын коопсуздугуна жана саламаттыгына чоң салым болоорун баса белгилейт», - деп айтылат билдирүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/djndg-pandemiyaga-bajlanyshtuu-2020-zhyldagy-azhylyk-sapar-toktotuldu



Добавить комментарий