Дүйнөдөгү эң жаш миллиардерлердин аттары аталды

8 апреля 2020 15:03 1549 Barometr
Поделиться в:
ok

22 жашында алгачкы миллиард доллар. Дал ушундай ийгиликке Kylie Cosmetics компаниясынын негиздөөчүсү Кайли Женнер жетти. Ал Forbes журналы түзгөн дүйнөдөгү эң жаш миллиардерлердин тизмесинде сап башында. Бул тизмеге 30 жашка чейинки ишкерлер кирген.

Андан кийинки орунда 23 жана 24 жаштагы эже-сиңди Александра менен Катарине Андерсендер турат. Алардын байлыгы 1,1 миллиард доллар деп бааланууда.

Ошондой эле, тизмеге Бразилиядагы Diagnosticos da America медициналык компаниясынын аткаруучу директору Педро де Года Буэно кирди. Учурда ал 29 жашта, байлыгы 1,1 миллиард доллар. Draexlmaier автоунаалардын тетиктерин жеткирүү менен алектенген немис компаниясынын ээси Лиза Дрэкслбмайер да тизмеге кирген. Учурда анын тапкан-тергени миллиард доллар.

Ирландиядагы Stripe төлөө системасынын негиздөөчүсү 29 жаштагы Жон Коллисондун байлыгы 3,2 миллиард долларды чапчыйт. Ал да бул тизменин сап башында.

Ссылка: https://barometr.kg/djndg-e-zhash-milliarderlerdin-attary-ataldy



Добавить комментарий