Дүйнөдөгү эң узак бирге жашаган жубайлар Гинесстин рекорддор китебине кирди
Япониялык Масао Матсумото менен аялы Мияко дүйнөдөгү эң узак бирге жашаган жубайлар деп аталышып, Гиннес китебине киришти. Бул тууралуу америкалык Reuters
маалымат басылмасы жазып чыкты.
Жубайлар 1937-жылдын октябрь айында, тагыраагы 81 жыл мурда үйлөнүшкөн. Учурда Матсумото 108 жашта болсо, анын аялы 100гө чыкты.
Баарынан да кызыгы түгөйлөр ушуга чейин үлпөт тоюн өткөрүшкөн эмес. Экөө жаңы баш кошкондо Матсумото согушка кетип, кайра келгенде түгөйлөр бактылуу экенин айтып, той өткөрбөй эле коюну чечишкен.
Алардын балдары, неберелери да көп. Эң акыркы 25-небереси ушул жылдын август айында төрөлгөн. Матсумото менен Мияко дүйнөдөгү эң узак бирге жашаган жубайлар деп аталып, Гинесстин рекорддор китебине кирди.
Ссылка: https://barometr.kg/djndg-e-uzak-birge-zhashagan-zhubajlar-ginesstin-rekorddor-kitebine-kirdi
Добавить комментарий ×