Дүйнөдөгү эң коопсуз өлкөлөрдүн жаңы рейтинги жарыяланды
Global Finance журналы чыгарган рейтингге ылайык Исландия эң коопсуз мамлекет деп табылган. Бул маалымат аталган уюмдун расмий сайтына чыгарылды.
Рейтингдин башкы үчтүгүнө Швейцария жана Финляндия кирди. Ал эми алдынкы ондуккту Португалия, Австрия, Норвегия, Катар, Сингапур, Дания жана Жаңы Зеландия толуктады.
128 мамлекет катышкан рейтингде Кыргызстан 89-орунга жайгашкан.
Мындай рейтингди түзүүдө журналисттер өлкөдө согуштук чатактардын чыгып кетүү ыктымалы, экономикалык өнүгүүнүн деңгээли жана элге болгон кооптонуунун деңгээли, ошондой эле табигый кырсыктардын келип чыгышы сыяктуу критерийлерди эске алышкан.
Ссылка: https://barometr.kg/djndg-e-koopsuz-lklrdn-zhay-rejtingi-zharyyalandy
Добавить комментарий ×