Дүйнөдөгү эң кары адам көз жумду

21 января 2019 09:50 1362 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Дүйнөдөгү эң кары адам деп таанылган япониялык Масадзо Нонака 113 жашында көз жумду. Бул тууралуу tv.asahi сайтына шилтеме берип РИА Новости жазып чыкты

Нонака 1905-жылдын 25-июлунда туулган. Беш балалуу болгон.

Ал эми 2018-жылдагы маалыматка караганда, анын эки баласы тирүү болчу. Карыя өмүрүнүн акыркы жылдарында Хоккайдо аралында неберелери менен жашап жүргөн.

Эми дүйнөдөгү эң улгайган адам катары 1905-жылдын 15-октябрында туулган германиялык Густав Гернет таанылышы мүмкүн экени кошумчаланды.


Ссылка: https://barometr.kg/djndg-e-kary-adam-kz-zhumdu



Добавить комментарий