Дүйнөдөгү эң бай 100 киши эки айда 408 миллиард доллардан кол жууду

8 апреля 2020 12:43 1719 Barometr
Поделиться в:
ok

Дүйнөдөгү эң бай 100 адамдын байлыгы эки айда 12,6%га кыскарып, 408 миллиард долларды түздү. Мындай эсепти Шаңхайдагы Hurun Institute мекемеси жасаган.

Ага ылайык, бай адамдардын кирешесине коронавирус олуттуу эле сокку урган.

Эң көп чыгымды франциялык миллиардер Бернар Арно тарткан.

Louis Vuitton Moёt Hennessy  компаниясынын башчысы эки айда 30 миллиард доллар жоготкон.

Эксперттердин баамында эң бай 100 кишинин бир күндө учураган чыгымы 75 миллион долларды түзөт.

Ошондой эле, нефтинин баасынын төмөндөшү да терс таасир берген.

 Чыгым тарткандардын арасында Microsoft компаниясынын башчысы Билл Гейтс, SpaceX ишканасынын ээси Илон Маск, Индиянын эң бай адамы Мукеш Амбани дагы бар.

Ссылка: https://barometr.kg/djndg-e-baj-100-kishi-eki-ajda-408-milliard-dollardan-kol-zhuudu



Добавить комментарий