Дүйнөдө коронавирус жуккандардын саны бир миллиондон ашты
Поделиться в:
Жер шары боюнча коронавирус жуккан кишилердин саны 1 миллион 13 миң 118 кишиге жетти. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдирди.
Ага ылайык, учурда оору 52 709 кишинин өмүрүн алды. Ошол эле маалда оорудан 209 235 киши сакайган.
Оору жуктургандардын сап башында АКШ (243 453 кишиге жуккан) турса, каза болгондордун ичинен Италия (13 915 киши каза болду) турат.
Учурда коронавирустун жайылышы Европанын башка мамлекеттеринде дагы байкалууда.
Мисалы Италияда оору 115 242 кишиге, Испанияда 110 238, Германияда 84 788, Францияда 59 929, Улуу Британияда 34 164 кишиге жуккан.
Ссылка: https://barometr.kg/djnd-koronavirus-zhukkandardyn-sany-bir-milliondon-ashty
Добавить комментарий ×