Дүйнөдө коронавирус инфекциясын жугузгандардын саны 42 миллиондон ашты

24 октября 2020 09:52 982 Barometr
Поделиться в:
ok

Пандемия башталгандан бери дүйнөдө коронавирустук инфекцияны жугузуп алгандардын саны 42 миллиондон ашты. Бул тууралуу Джон Хопкинс университетинин сайтына жарыяланган  маалыматка шилтеме берип “Барометр» билдирет.

Акыркы маалыматтарга караганда, инфекцияны жуктуруп алгандардын саны 42 024 647ге жетип, пандемия башталгандан бери 1 миллион 144 миңден ашуун адам каза болуп, 28 миллиондон ашуун адам сакайып чыккан.

Буга чейин, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Адан Гебресиесус пандемиянын жакынкы бир нече айы өтө оор болорун эскерткен.

Коронавирустун очогу биринчи жолу 2019-жылы декабрь айында Ухан шаарында катталган. 11-мартта ДССУ кырдаалды пандемия катары мүнөздөсө болот деп жарыялаган.

Ссылка: https://barometr.kg/djnd-koronavirus-infekciyasyn-zhuguzgandardyn-sany-42-milliondon-ashty



Добавить комментарий