Дүйнөдө бир сутка ичинде COVID-19 илдетин 254 756 адам жуктуруп алды

22 сентября 2020 10:44 924 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 22-сентябрда Кытайдын Ухань шаарында коронавирус табылгандан бери 286-күн өттү. Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму пандемия жарыялагандан бери 196-күн болду. Бүгүнкү күнгө чейин вирус жуктургандардын саны дүйнөдө 31 473 010го жетти. Бул тууралуу Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Өткөн суткада дүйнөдө COVID-19 оорусун жуктуруп алгандардын саны дагы 254 756га көбөйдү. Оорунун жалпы саны 31 473 010го жетти. Алардын ичинен 23 270 964 бейтап айыгып кетишти. 974 433 бейтап вирустун курмандыгы болду.

Вирусту жуктуруп алгандардын саны боюнча АКШ биринчи орунда турат, ал жакта 7 046 216 адамдан вирус аныкталган. Кийинки орунда Индия (5,560,105) жана Бразилия (4,560,083) турат. Россия бул тизмеде төртүнчү сапта турат.

Өткөн суткада Грецияда 453 жаңы инфекция учурлары аныкталды, бул пандемиянын бардык мезгилиндеги эң жогорку өсүш болду деп билдирди Улуттук саламаттыкты сактоо уюму. Европанын башка өлкөлөрүндө оорунун кайрадан өсүшү байкалган, буга байланыштуу алардын айрымдары чектөөлөрдү кайрадан киргизип жатышат.

24-сентябрдан тарта Улуу Британиянын барлары менен ресторандары саат 22:00дө ишин токтотушу керек, ал эми барда кардарларды тейлөөгө таптакыр тыюу салынат.

Франциянын түштүгүндө алар бардык жарманкелерди жана көргөзмөлөрдү жокко чыгарууну чечишти, ошондой эле түнкүсүн спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салышты.

Индия бийлиги Тадж-Махалдын ишин чектеди. Тарыхый жай күнүнө 5 миңден ашык туристти кабыл ала алат. Келген адамдар беткап кийип, колун жана бут кийимин антисептик менен тазалышы керек.

Ссылка: https://barometr.kg/djnd-bir-sutka-ichinde-covid-19-ildetin-254-756-adam-zhukturup-aldy-evropa-lklr-kajradan-chektlrd-kirgize-bashtady



Добавить комментарий