Дүйнөдө азыр коронавируска каршы 20дан ашык вакцина иштелип жатат

23 марта 2020 09:34 1221 Barometr
Поделиться в:
ok

Коронавирус инфекциясына каршы вакцинаны иштеп чыгууга жана аны сыноого бир жылдан кем эмес убакыт кетет. Бул туурасында Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо уюмунан билдиришти. 

Потенциалдуу вакцина менен миллиарддаган адам эмделет, ошондуктан өзгөчө сактык камсыздалат. Анткени ал толугу менен коопсуз жана эч кимге зыян алып келбөөгө тийиш. 

“Дүйнөдө азыр коронавируска каршы 20дан ашык вакцина иштелип жатат. Анын ичинде америка вакцинасы сыноолордон өткөрүлүүдө. Жакынкы аралыкта адистер нуклеин кислотасынын негизинде жасалган бир нече препараттарды да сыноодон өткөрө башташат”, - деп билдирди ДССУ программасынын өзгөчө кырдаалдар боюнча директору Майкл Райан.

Ссылка: https://barometr.kg/djnd-azyr-koronaviruska-karshy-20dan-ashyk-vakcina-ishtelip-zhatat



Добавить комментарий