Дүйнө чемпионатын көрөм деп, ата-эне 4 жаштагы кызынын 8 кабаттан кулап кеткенин көрбөй калды

3 июля 2018 02:15 4929 Barometr
Поделиться в:
ok

Россиянын Тамбов шаарында кече 1-июль күнү ата-энеси футбол көрүп олтурганда, 4 жаштагы кыз 8-кабаттагы ачык турган терезеден кулап, каза тапты. 

Россия менен Испаниянын ортосундагы оюнга кызыгып кеткен ата-эне кызын кароосуз калтырып коюшкан. Каргашалуу окуяга күбө болгондордун биринин айтымында “Россия Испаниянын дарбазасына гол киргизген кезде, ар тараптан “Гооол”деген үн чыгып жаткан. Бир маалда тынч алып калган кезде, бирөөнүн “баланы алгыла терезеден!!!”деп ачуу кыйкырганы угулган”. Көз ирмемдин ортосунда, кароосуз калган бала жерге кулап, мындагы футбол күйөрмандарынын кубанычын тез эле кайгыга бөлөгөн. Өз убагында келгени менен тез жардам баланы сактап кала алган эмес.

Ссылка: https://barometr.kg/djn-chempionatyn-krm-dep-ata-ene-4-zhashtagy-kyzynyn-8-kabattan-kulap-ketkenin-krbj-kaldy



Добавить комментарий