Динара Кемелова Түштүк Кореяга элчи болду

15 январь 2019 19:51 1307 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп Динара Кемелова дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Тиешелүү жарлыкка 15-январда президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. 

Эске салсак, бүгүн парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында элчиликке талапкерлер жактырылган.

Ссылка: https://barometr.kg/dinara-kemelova-tshtk-koreyaga-elchi-boldu



Добавить комментарий