Ошто дин кызматкерлер үчүн окутуу уюштурулду
11-сентябрында Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тарабынан Дин кызматкерлер үчүн окутуу уюштурулду.
Окутуунун темасы "Дин кызматкерлердин өзгөчө кырдаалдар учурундагы орду", Эл аралык кызыл крест комитети уюштурулуп.
Иш чарага КР ӨКМнин адистерди даярдоо кайра даярдоо аймактык кафедрасынын башчысы Д.Садиков жана КР ӨКМнин Өрттү өчүрүү жана алдын алуу, анализдоо бөлүмүнүн улук офицери майор Ш.Туйбасов катышты.
Иш чаранын негизинде өзгөчө кырдаал деген эмне, анын түрлөрү, өрт коопсуздугу эрежелери, өрт өчүрүүчү алгачкы шаймандары колдонуу эрежелерин үйрөтүп, практика түрүндө да көрсөтүлдү.
Ссылка: https://barometr.kg/din-kyzmatkerler-chn-okutuu-uyushturuldu
Добавить комментарий ×