Дилшат Кангелдиева: Калжайып карып деле калган жокмун. Бирок “Көгүлтүр отуна” батпай калганымды айткым келди
Эстрада ырчысы Дилшат Кангелдиева КТРКнын көркөм жетекчиси Мирлан Самыйкожого нааразычылыгын билдирди.
Кечээ, 19-декабрда ырчы КТРКнын жаңы жылга карата уюштурулган “Көгүлтүр от” концертине чакырылбай, батпай калганын фейсбукка жазып чыкты.
“Мен КТРКнын көркөм жетекчиси Мирлан Самыйкожого жакпайт экемин. 1988-жылдан бери эшек такалап жүргөн кишидей эле көрөт экен. Улуттук филармонияга ошол жылдан киргенден баштап, алгачкылардан болуп Чыгыш , батыш, чет өлкөнүн баарына Кыргыздын маданиятын тартуулап, пропагандалап келе жатканымды айтпай эле коеюн. Анча мынча салым кошуп эле келетам. Калжайып карып деле калганым жокмун. Бирок “Көгүлтүр отуна” батпай калганымды айткым келди. Былтыры эптеп батырышкан болчу. Быйыл жаңы жетекчи келип батпай калыпмын.
Случайно куйөрмандарыма, жердештериме за ранее эскертип коеюн, «Көгүлтүр оттон” көрбөй калдык деп жүрбөгүлө”, – деген таарынычын жазды.
Добавить комментарий ×