Гемодиализ менен камсыз кылуу үчүн жаңы тартиби өкмөттө бекитилди

4 сентября 2019 16:39 1987 Barometr
Поделиться в:
ok

Гемодиализ кызматтар менен камсыз кылуу үчүн жаңы тартиби өкмөттө бекитилди. 

Өкмөттүн маалыматы боюнча өнөкөт бөйрөк оорусунун 5 стадиясында гемодиализдин каражатын өкмөттүн бюджетинин эсебинен алса болот деген чечим чыгарылды. 

Бул чечимге Мухамедкалый Абылгазиев кол койду. Бул маалыматты өкмөт каржылоо бөлүмүнөн билдирилди. Гемодиализ апаратында бейтаптар жалпы шартта, баардыгы бирдей ала алат. Бейтаптын арызы, жана башка документтери электрондук тизмеге түзүлүп, каралат. Атайын коммиссия түзүлуп бирдиктүү регистрге түшөт. 

Гемодиализ алууда оорулуунун канчанчы стадияда экенине карата бир жумада үч жолу, 12 сеанс бир айдын ичинде алса болот. 

Бул тыянак чыга электе министр Космосбек Чолпонбаев гемодиализдин баасы 4 700 сом деп айткан. 

Мамлекеттик сатып алуу закону өзгөртүүлөрдү киргизди. Гемодиализге байланыштуу кызматтарды, аларды уюштуруу тартибин кабинет министр бөлүмү аныктайт. Бул иштер гемодиализ алган бейтаптардын мамлекеттин эсебинен алууга мүмкүндүк берет. 

Кыргызстанда гемодиализ алган 1 508 киши бар. Акысыз 604, жеңилдетилген акы төлөөдө - 764, алар 550 сом төлөп калган 4 700 сомду ФОМС каражат берет. 

Ал эми 112 оорулуу толук каражатын төлөйт 5 250 сомдон өйдө.

Ссылка: https://barometr.kg/dializ-kyzmattar-menen-kamsyz-kyluu-chn-zhay-tartibi-kmtt-bekitildi



Добавить комментарий