Депутаттын Айтматовго арналган мемориалдык борбор куруу сунушуна министрлик жооп берди

14 сентября 2018 16:30 1192 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин кечээки жыйынында депутат Эмил Токтошев Башкы прокуратуранын мурдагы имаратынын ордун Чыӊгыз Айтматовдун мемориалдык борборун куруу үчүн бөлүп берүү керектигин сунуш кылган. Бул боюнча Маданият, маалымат жана туризм министрлиги депутаттын сунушуна жооп кайтарды.  

Маалым болгондой, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата мемориалдык борбор Бишкекте эмес, өзүнүн туулган жеринде курула тургандыгын айтылат. Залкар жазуучунун туулган жери Талас облусундагы Шекер айылында “Чыңгыз Ордо” аталышындагы Маданий жана тарыхый мемориалдык музей комплексин куруу үчүн атайын 15 гектар жер бөлүнүп берилген. 

Белгилей кетсек, кечээ депутат парламенттин жыйынына Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата мемориалдык комплекс куруу керектигин айткан.

Ссылка: https://barometr.kg/deputattyn-ajtmatovgo-arnalgan-memorialdyk-borbor-kuruu-sunushuna-ministrlik-zhoop-berdi



Добавить комментарий