Депутаттык комиссия Атамбаевдин кол тийбестигин ажыратууну карап жатат

20 июня 2019 13:02 5893 Barometr
Поделиться в:
ok

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди жоопко тартыш үчүн аны кол тийбестиктен ажыратуу маселесин бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңеште карала баштады.

Убактылуу түзүлгөн депутаттык комиссия Башкы прокуратурадан экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигинен ажыратууну талап кылууга ниеттенүүдө.

Мурдагы мамлекет башчысына алты айып тагылууда.

Алардын арасында бийликти узурпациялап алды, Кой-Таштагы үйүнүн участогу мыйзамсыз, кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууну уюштурган, акча адалдаган «Ака инвест» компаниясына тиешеси бар, Бишкектин ТЭЦин модернизациялоодогу коррупцияга аралашкан, Бишкек ТЭЦине көмүр ташыган ишкананын кызыкчылыгын коргогон деген айыптар бар.

 

Ссылка: https://barometr.kg/deputattyk-komissiya-atambaevdin-kol-tijbestigin-azhyratuunu-karap-zhatat



Добавить комментарий