Депутатты башка атып кетишти

20 июня 2019 13:19 6955 Barometr
Поделиться в:
ok

Украинада депутат башына атылган октон каза тапты. Бул тууралуу  РИА "Новости" кабарлады.

Украинанын Жогорку радасынын “Элдик фронт” фракциясынын депутаты  Дмитрий Тымчук башына атылган октон каза болгонун Украинанын Ички иштер министрлигинин коллегия мүчөсү Антон Геращенко өзүнүн Twitter-аккаунтуна жазды. 

Депутаттын сөөгүн үйүнөн анын жубайы көрүп калып полицияга маалымдаган.

Тымчук өлтүрүлгөн тапанча анын жанынан табылды, Геращенко депутат курал тазалап жатканда каза табышы мүмкүн деген версияны айтты.

Бирок Украинанын полициясы “атайлап киши өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Украинанын Улуттук полициясынын башчысы Сергей Князев депутатты атайлап атып кетүүлөрү мүмкүндүгүн маалымдады.

 

Ссылка: https://barometr.kg/deputatty-bashka-atyp-ketishti



Добавить комментарий