Депутаттардын жарымы кайда? Бүгүнкү парламенттин бош залы талкууга алынды

21 февраля 2019 14:52 2042 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Жогорку Кенеште бүгүн 21-февралда ар кандай маселелер талкууланып жатат. Бирок, залдагы 20га жетпеген депутаттын олтурганы парламентти көрүп жаткан коомчулуктун көнүлүн бурду. Каттоодон өткөн 83 депутаттын 20сы эле калганы кызуу талкууга алынды. Түз алып берип жаткан ютуб каналынын пикир калтыруу бөлүмүндө "Окуучуларды жана беш-алты чиновник, ошондой эле 20дай депутатты олтургузуп алып, эч нерсе чечпеген парламенттин коомго кандай кереги бар"- деген билдирүүлөр калтырылды. 

Учурда "Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддору жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатат. Күн тартип боюнча жыйында 9 маселе каралат. Талкууланбаган 6 маселе калды. Түшкү тыныгууга чейин ар кандай маселелер, “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору, “Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге кол коюуга байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору талкууланды.

Ссылка: https://barometr.kg/deputattardyn-zharymy-kajda-bgnk-parlamenttin-bosh-zaly-talkuuga-alyndy



Добавить комментарий