Депутаттар тобу бардык коомдук жайларда 100 пайыз тамекинин түтүнү жок аймакты түзүү чараларын сунуштоодо

18 декабря 2019 09:25 14031 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети тамеки буюмдарынын бардык түрүнө каршы күрөшүү чараларын күчөтүү жана мыйзамдык актынын ченемдерин жакшыртууга багытталган «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини керектөөдөн жана айлана-чөйрөдөгү тамеки түтүнүнүн (аэрозолдун) таасиринен коргоо жөнүндо» мыйзам долбоорун четке какты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.  

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар тобу. Демилгечилердин бири Айнуру Алтыбаеванын айтымында, жаңы долбоор 100 пайыз тамекинин түтүнү жок аймакты түзүүнү караштырат, башкача айтканда, турак жайлардан сырткары, бардык имараттардын ичинде, өлкө аймагындагы бардык коомдук жайларда, иш орундарда, анын ичинде коомдук транспортто, тамактануу жайларында тамеки чегүүгө толук тыюу салуу демилгеси сунушталууда. 

"Ошондой эле, мыйзам долбоорунда калян менен насвай колдонуу жосундарына  каршы чаралар да камтылган", - деп кошумчалады баяндамачы. 

Мыйзам долбоордо сунушталган бардык комплекстүү чараларды бир мезгилде ишке ашыруу келечекте тамеки керектөөнү 30 пайызга кыскартууга алып келет. Мындай жагдай өлүмдөрдүн деңгээлин кыйла төмөндөтүп, мамлекетке тамекиге байланыштуу оорулардан болгон өлүмдөрдү жана ооруларга эрте чалдыгуулардан убактылуу эмгекке жарамсыздык, майыптык боюнча жөлөкпул төлөөгө жана стационарда дарылоого бөлүп берген 30-50 пайызга чейин сактап калууга көмөктөшөт.

Андан тышкары, мыйзам долбоорунда импорттолгон тамекинин ар бир пачкасына 0,2 сом өлчөмүндөгү салыктык эмес төлөмдү тамекиге каршы каршы фонддун эсебине түшүрүү чарасы сунушталган. Депутат Гүлшат Асылбаева бул мыйзам долбооруна карата ишкердик чөйрөдөн көптөгөн каршы пикирлер түшүп жатканын эске салып, аны четке кагуу сунушун киргизди.

 Анын айтымында, төлөмдөрдүн республикалык бюджетке эмес, касы бир фонддун эсебине түшкөнү эле бюджеттик мыйзамдарга кайчы келет. Ал эми депутат Элвира Сурабалдиева кесиптешинин сунушун колдоп, тамеки чегүүнү мажыбурлап таштатуу туура эмес экенин, тамекиге каршы каршы фонддун түзүлүшү жаңы коррупциялык жосундарга жол ача турганын белгиледи.


Ссылка: https://barometr.kg/deputattar-tobu-turak-zhajlardan-syrtkary-bardyk-koomduk-zhajlarda-100-pajyz-tamekinin-ttn-zhok-ajmakty-tz-charalaryn-sunushtoodo



Добавить комментарий