Депутаттар Мирзиеевге “улут башчысы” деген наам берүүнү сунушташты

8 сентября 2021 09:57 2075 Barometr
Поделиться в:
ok

Өзбекстандын эки депутаты өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиеевге “улут башчысы” деген ардактуу наам берүүнү суранышты. Бул тууралуу Өзбекстандын ЖМКларына таянуу менен “Барометр” маалымдайт.

Депутаттардын бири Кудратиллы Рафиков 19-августта президентти мактаган, “Шавхат Мирзиеевдин феномени” деп аталган макаланы жазган.

“Мирзиеев "миллат сардори" деген наамга татыктуу”,-деп белгилеген сенатор.

Бир нече күндөн кийин парламенттин дагы бир палатасынын депутаты Акмаль Саидов “улут башчысы” деген титулду колдонуу менен дагы башка макаланы жарыялаган.

Бул расмий эмес титулду айрым Өзбекстандык ЖМКлар президентке карата колдонуп келишет.

Азырынча Мирзиеев бул тууралуу реакция жасай элек.

 

Ссылка: https://barometr.kg/deputattar-mirzieevge-ulut-bashchysy-degen-naam-bern-sunushtashty



Добавить комментарий