Депутаттар кыргыз-тажик чек арасындагы жагдайды жабык эшик артында талкуулашууда

19 марта 2019 13:10 1326 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети бүгүн, 19-мартта чек арадагы жагдай боюнча маалыматты жабык режимде кароону башташты.

 Жыйынга баардык күч органдарынын жана Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү катышууда.

Эскерте кетсек, 13-мартта Көк-Таш-Ак-Сай Тамдык айланма жолун курууга байланыштуу кыргыз-тажик чек арасында жаңжал келип чыккан. Чатакта 2 тажик жараны каза таап, 3 кыргызстандык жаран жаракат алган.

Учурда конфликт жөнгө салынды.

Ссылка: https://barometr.kg/deputattar-kyrgyz-tazhik-chek-arasyndagy-zhagdajdy-zhabyk-eshik-artynda-talkuulashuuda



Добавить комментарий