Депутаттар “Кумтөр” боюнча суроо көп экенин айтышты

29 сентября 2021 10:49 1528 Barometr
Поделиться в:
ok

Депутат Айбек Осмонов  “Кумтөр” алтын кенинин айланасында жагдайды карап чыгууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдиргенин “Барометр” маалымдайт.

Депутаттын айтымында, “Кумтөр” кени боюнча суроолор абдан көп. “Аларга жооп алышыбыз керек. Келгиле убактылуу тышкы башкаруучу Теңгиз Бөлтүрүктү чакырталы”,-деп сунуш киргизди эл өкүлү.

Эскерте кетсек, 27-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев, Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров менен Тенгиз Бөлтүрүк Швейцарияга учуп кетишкен.Алдын ала маалыматтарга караганда алар Канаданын Centerra Gold компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү баштады.

Ссылка: https://barometr.kg/deputattar-kumtr-boyuncha-suroo-kp-ekenin-ajtyshty



Добавить комментарий