Депутаттар Айтматовдун 90 жылдыгына карата футбол боюнча жолдоштук мелдеш өткөрөт

6 декабря 2018 13:32 945 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Чыңгыз  Айтматовдун 90 жылдык юбилейинин алкагында депуттар  мини-футбол жолдоштук матч ойношот. Бул тууралуу  БШКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Жолдоштук беттеш эртең, 7-декабрда Бишкектеги Арча-Бешик конушундагы «Газпром» дене тарбия – ден соолукту чыңдоо комплексинде болот. 

Мелдеште, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абировдун жана Ош шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормоновдун жетекчилиги астында депутаттардан түзүлгөн курама командалар катышат.

Бул мелдешти ишке ашырууга, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров видео-чакыруусун өз интернет баракчаларына жүктөп, аны Ош шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов кабыл алгандан кийин мүмкүнчүлүк пайда болду-деп жазылат маалыматта. 


Ссылка: https://barometr.kg/deputattar-ajtmatovdun-90-zhyldygyna-karata-futbol-boyuncha-zholdoshtuk-meldesh-tkrt



Добавить комментарий