Депутаттар Исмаилованы пандемия учурунда шайлоого барганын сындашты
Жогорку Кеңеш Эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына Аида Исмаилованын талапкерлигин талкуулап жатат.
Депуттар Аида Исмаилованы ар-тараптан сындап, анын пандемия учурунда шайлоого катышканын ишине болгон шалаакы мамиле деп баалашты.
Жогорку Кеңештин депутаты Үмбөталы Кыдыралиев Исмаилованын пандемия учурунда шайлоого катышканын курч сындады.
“Сиз сыяктуу өз ишине жоопкерчиликсиз мамиле кылган чиновниктердин айынан ушундай кырдаал түзүлүп жатат, шайлоого барып, 5-октябрдагы окуяга сиз да салым коштуңуз”, - деп айтты Кыдыралиев.
Исмаилова коронавирустун күч алып турган учурда бар күчүн жумшап иштеп, кырдаал турукташкандан кийин шайлоого барганын айтты.
«Мен депутат болуп турганда бир нече жолу эл аралык жана ички аба байланышы жана чек аралар ачылганда коронавирустун саны өсөт деп айткам. Бул үчүн айрым адамдар жумушун таштап кетишти, анткени алар өз милдеттерин аткара алышкан жок, чек аралар жабык болгондон кийин өндүрүш токтоп, мен ушул кызматка келдим. Август айында оорунун туу чокусунда кырдаалдан чыгып кетүүгө мен колуман келгендин баарын жасадым деп эсептейм », - деди Исмаилова.
Ошону менен катары эле Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары да Исмаилованын вице-премьерлик кызматын убактылуу токтотуп, талапкер катары шайлоого кеткенин эскертип, “Июль айында эл арасында нааразылык күчөп, абал оор болду. Сиз өзүңүздүн ишиңизге кандай баа бересиз” деген суроо узатышты.
Исмаилова “Эл үчүн жакшы эле иштеп бердим” деп жооп берди.
Добавить комментарий ×